Menu

Акматов Маматкадыр, изидөөчү-илахиятчы: Арбак деген ким?

Бөлүшүү:

Көптөгөн миң жылдар бою адам баласы өзү үчүн эң негизги маселе болуп эсептелген–адамдын өзү ким жана эмнеден турат, ааламда ал өзү жалгызбы, эмне үчүн ага эң чоң мүкүнчүлүктөр берилген? деген суроолорго анык жооп таба албай келет.

Кудай адамзатты жараткандан бери алардын ички рухий жан дүйнөсүнүн өнүгүшүнө: ниетине, пейилине, билимине жана аруулугуна жараша же сыйлап, же жазалап өнүктүрүп келет, ал эми өнүгүү таба албагандарын жоготуп да жиберет. Канчалаган элдер тарых барагынан жок болуп кеткендиги көпчүлүкө маалым. Ал эми кыргыз эли байыркы элдерден экенин дүйнө жүзү эбак билип бүткөнү менен, биз кыргыздар гана буга анчейин маани бербей келебиз. Элибиз колдонуп жүргөн 24 миң жыл мурда ташка чегип калтырган Кыргыз календары буга далил десек болот.

Кыргыз элин бирде гуздар, бирде огуздар, бирде гунндар, бирде хунндар деп атап келишкени эле көптү билдирет. Эмнеге бул эл эзелтен бери жоголуп кетпей жашап келе жатат? деген суроо туулушу табигый. Балким бул элдин жоголбой жашап келүүсүнө кыргыздардын аруулугу; пейили менен ниетинин тазалыгы, билими менен жан дүйнөсүнүн тереңдиги, кудайчылдыгында болуп жүрбөсүн.

Элибиз эзелтен Кудайды жүрөгүнүн тереңинде сактап, Ага чын дилден кайрылып, түздөн-түз байланышып, жасалмалуулукка, курулай жаттап алууга эч качан жол берген эмес. Атурсун элибиз Аллах деген сөздүн кыргызча котормосу Жаратуучу деген сөз экендигин эзелтен билип, ОО Жараткан деп тикелей кайрылгандыгына эмне дейбиз. Мисалы: “Аллахи тахвили аьла” деген сөзү “бардык нерселерди эң мыкты кылып кайталап Жаратуучу”  деп которулат.

Ал эми ислам дини пайда болгондо кыргыз делегациясы боз үйүн жүктөп, Арабияга Мухаммед пайгамбарыбызга барып, ислам динин түшүнүп жеткенден соң, исламды өз эрки менен кабыл алган. Андыктан ислам динин жайылтууда араптар менен кытайлар ортосундагы  751-жылкы эң чоң Талас согушунда кыргыздар араптар тарабында согушуп, кытайларды жеңишкен жана динди жайылтууда үлкөн салым кошушкан.

Дагы бир кызык жери адамдын түзүлүшүн адамзат алиге чейин так биле албай келсе, кыргыз эли Адамдын структуралык түзүлүшү 4 субстанциялык элементтен тураарын эзелтен билишкен экен. Аллах адамдын Денесин гана көзгө көрсөтсө, ал эми периштеге окшош Жанын, Рухун жана адамдын негизги бөлүгү болуучу Өзүн көзгө көрсөтпөй койгон.

Адамдын Өзүн кыргыздар Өзөгү, Асылзаты, атурсун Шайы деп аташса, адам өлгөндөн кийин анын Өзүн Арбак деп айтышкан. Алигиче динайатчылар адамдын Нафси адамдын Өзү экендигине карабай, анын “алкым, кекиртек” деген экинчи кошумча маанисин гана колдонуп, динде терең адашууга жол беришүүдө.

Адамдын Өзүн эми гана түшүнүп келаткан орустар болсо аны жакындан бери “Сущность человека” деп атай баштаса, англис тилинде акыркы жылдары “Хайспирит”(Хай—Жогорку, Спирит-Рух) “Рухтан жогорку”  деп аташып, Өзөктүн ролун өтө жогорулатып да жиберишти.

Адамдын Руху адамдын Өзүн(Өзөгүн) туура жолго баштоого милдеттендирилсе, Шайтан тескери жолго түртөт. Ал эми Кудай адамдын Денесин сактап, зоруктурбай, оорутпай, өлтүрбөй, иштетип турууга Жанды(Жан ибн-Жанды) милдеттендирген. Ошондуктан адамдын Руху, Жаны жана Денесинин сунуш-каалоолоруна карай бардык акыркы чечимдерди адамдын Өзү кабыл алат жана ал адамдын негизги бөлүгү болуп эсептелет.

Адамдын Өзү, Руху жана Жаны көзгө көрүнбөгөндүктөн адамдар аларга анчейин маани бербей, адамдын көзгө көрүнгөн Денесин гана мыкты үйрөнүшүп, Дене адамдын негизин түзөт деген натуура түшүнүккөберилип кетишкен. Дене чындыгында бир жолу гана Жарык дүйнөдөжашап өтүп, топуракка кошулуп жок болуп кетүүчү адамдын субстанциялык элементи–органы.

Ал эми адамдын Өзү Жарык дүйнөдө жашап бүтүп, ал Наркы дүйнөгө өткөндөн кийин кыргызча Арбак деп аталып, адамдын Жарык дүйнөдөгү ишмердиги үчүн эсеп-кысап берет. Ошондуктан Арбак о дүйнөдө да бата-дуба жана сооптуу иштерге муктаж болгондуктан, ага тирүүлөр бата- дуба жана сооптуу иштерди багыштаганы оң. Эгер Арбак сөзүн колдонуудан чочуласаңар, анда ошол инсандын өзүнө деп, же атын айтып багыштасаңар болот, анткени дем алууда жүргөн Рухтун бата- дубаңыздын адамдын өзүнө жеткирип берүүсү оорураак. Андан кийин же сыйлык, же жаза алып, адамдын Өзү болуп  кайрадан тирилип, жаңыдан жаралып жаткан түйүлдүккө-Денеге кошулат.

Соң Жараткандын алдына дем алууга кеткен Рух менен Жанды кайрадан өзүнө кошуп алып, Жарык дүйнө жашоосуна  кайрадан  тирилип келет. Ыйык китептердеги адамдын кайрадан тирилүүсүн айрым адамдар менен динаятчылар туура чечмелей албай, адамдын Денесинин кайрадан тирилип келишин бейпайда күтүп, убара болуп, издеп жүрүшөт.

Чындыгында адамдын Денеси Жарык дүйнөдө бир гана жолу жаралып, жашап, карып, жараксыз болгондон кийин топуракка кошулуп, жок болуп кетүүчү орган болуп эсептелет. Ошондуктан Дененин тирилип келишин миңдеген жылдар бою күткөнүңүз менен ал эч качан тириле албастыгын билип койгонуңуз абзел! Ал эми адамдын Арбагы кайрадан тирилип, Жарык дүйнөгө Өзү болуп аталып келип, тирүү жашоодо өсүп-өнүгүп, жеткилеңдешип бара берет. Өсүп-өнүккөн инсан акырында Аллахтын алдына жетип барып, анын орунбасар-жардамчысына айланып жана бүткүл Барлыкка ээлик кылуу жана башкаруу укугуна ээ болот!

Байкап көрсөңуз, ар бир муундун  мурункусунан акылдуураак,өнүккөн болуп келүүсүнүн себеби да ошондо.

Кудай таануу багытында ар тараптуу терең билим алып, өзүн өзү аруулап, агартуучулук иштерин натыйжалуу алып баруу менен динди мыкты түшүнө алсак, анда керемет кылып жаратылган инсан Аллахтын колдоосуна ээ болуп, Жараткандын жардамчы-орунбасары деңгээлине чейин жетип баруу укугуна ээ болот!    А бирок Кудайдын сөзү өтө татаал болгондуктан маанисин түшүнбөй, курулай жаттап алып, Кудайга тез жетем деп оңой жолду тандап алып, кожо көрсүнгө ибадат кылуу менен иш алып баруу өтө аянычтуу окуяларга алып келиши табигый көрүнүш.Себеби Көк(коинат) кулпуна ар кимдин ачкычы түшө бербейт. Ар кимге ибадат илхамы бериле бербейт. Бардыгы окуганы менен баары уга бербейт, көпчүлүк укканы менен баарына жуга бербейт…

Ал эми Аллах инсандын эрк-ыктыярын өзүнө берип, эч качан бузбайт. Атурсун Аллахка акаарат кылып жаткандардын да жанын заматта Ал алып койбойт, а балким ушул “тентек пендем” Менин алдыма баарибир оңолуп, чыныгы инсан болуп жетип келет деп  зарыгып күтө берет…

Ар бир инсандын Көктө күзөтүүчүсү бар. Эч ким эч нерсени жашырып кыла албайт, кылынган кылмыш болсо жазасыз калбайт. Демек күч колдонуп, диний экстремизм жана терроризм аркылуу динди мажбурлап жайылтуу Аллахтын каалоосуна каршы келип, Жараткан тарабынан ал кимсе жазаланышы шексиз!

Ал эми элибиз менен президентибиздин колдонуп жүргөн “арбак” деген сөзүнүн аналогу дүйнө жүзүндө жок, ошондуктан бул сөз келечекте дүйнөлүк лексикондон орун алып, адамдын өзүн түшүнүүдө чоң рол ойнойт.

Акматов Маматкадыр, изидөөчү-илахиятчы    

Ош шаары, 9 ноябрь 2016 жыл

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: