Menu

Топчубек Тургуналиевдин 75 жылдыгына карата: Түбөлүк демократтын татаал жолу

Бөлүшүү:

(Башталышы мурунку санда)

Төртүнчү. Аны 1994-жылы майда БГУга ректор кылып дайындашат.Бийликтегилер ушинтип майлуу-сүттүү кызмат берип койсок, башкаларчылап алданып, оппозициячылдыгын таштап, оозу жабылып калат деп ойлошкон. Бирок, ал жаалдуу оппозициячылдыгынан кайтпады. Ошол убактагы өкмөт башчысы А. Жумагуловду этектеп жүрүп, 7 миллион сом бөлдүртүп, университеттин жаңы имаратын бүтүртүп салды. Анан бийликтегилер “же биз менен болуп, оппозициячылдыгыңызды таштаңыз, же ректорлуктан кетиңиз” деп ультиматум коюшканда, ал өз арызы менен университеттен кетип калган.

Бешинчи. Биринчи үй-бүлөлүк башкаруу убагында жаалдуу оппозицияны жетектегендиги үчүн Топчубек Тургуналиевич үч жолу түрмөгө камалып, жалпысынан 1384 күн абакта отурду, 9 ай 8 күн Баткенде саясый сүргүндө жүрдү. Алты ирет административдик жазаларга кириптер кылынды. Анын тилектештеринин биринин үйүнөн барденке табылса, ал президентти тактан кулатуу үчүн 9,5 миң боевик, БТРлерди, ракеталарды даярдаган деп, дагы бирөөсү жер төлө казса, ал Акаевди камаганга казылган зындан, БГУда иштеген менен тымызын СНБынын агенти болуп жүргөн бирөө университеттин кассасынан (Т. Тургуналиев ректор болуп турган) студенттик базар ачып, окуу жайды байытабыз деп 10 миң доллар алып, атайын кызматтагылардын шыкагы менен атайылап бербей койсо, мамлекеттик кылмышкер дешип, жалпысынан 28 жылга соттошту. Бирок, сынган да, айрым ортомчул кутумдар “президентке кат жазсаң эле, ал сени дароо чыгарып жиберет” дегендерине карабастан ал Акаевден кечирим сураган да жок. Анын ийилишин, сынышын күтө берип жадашканда кайра өздөрү бошотууга аргасыз болушту. Анысы менен чыныгы эрктүүлүктүн, кайраттуулуктун үлгүсүн көрсөттү. Анын бошотулушунда ошол убактагы АКШнын биринчи айымы, азыркы президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун да салымы болгон. Анткени, ал Кыргызстанга келгенде бир катар эл аралык уюмдардын өтүнүчтөрү боюнча Аскар Акаевге үч жолу эл аралык “Ардактуу абийир туткуну” наамын алган Топчукебизди түрмөдөн чыгаруу сунушун айткан экен.

Биз 2005-жылы августта Топчубек Тургуналиевге байланышкан кылмыш иштер Жогорку Сотто кайра каралганда ага бир нече күн катышканбыз. Он миң доллар жөнүндө маселе көтөрүлгөндө Т. Тургуналиевдин: “ошондо БГУда ар орунга 4–5тен абитуриент болуп жаткан. Эгерде менин акча жегим эле келсе, эки чөнтөгүмө жүздөн 200 миң долларды солоп чыгып, жашасын кеменгер Акаев!- деп койсом, мага эч ким тийишмек эмес”- дегени эсибизде. Чын эле миллиондорду жешкени менен бийликти жактагандары үчүн канчалар жеп-ичкендеринин, чачкандарынын издерин жашырып кетишти.

Алтынчы. Топчубек Тургуналиевич түрмөдөн чыккандан кийин “Акаевге-отставка, эл үчүн-реформа” кыймылынын жетекчилеринин бири катарында биринчи үй-бүлөлүк бийликти кулаткандардын алдында жүрдү. Ал Акаевдей эле Бакиевди да үч жылдай колдоду. “Балаң Максимдин тизгинин тарт, болбосо аның Айдардан калышпай баратат” деп экинчи ажонун бетине айткандардын бири болду.Бирок, К. Бакиев “кысталакты Россияга тагаларына кубалап жиберсемби” деп кейимиш болгон менен эч кандай чара көрбөй, анын экинчи үй-бүлөлүк бийликти орноткондугуна, биротоло коррупциялашып кеткендигине көзү жеткенден кийин ага каршы элдешкис оппозицияга өтүп, 2010-жылдагы экинчи элдик революцияда убактылуу өкмөттүн мүчөсү болду. Ал жерден Жаратылышты коргоо жана токой чарба агенттигине жетекчи болуп барып, Ысык-Көлдө бийликтеги браконьерлер кырган 44 аркар, кулжанын, кыйылган карагайлардын жаңжалын чындап териштире баштаганда аны ал жерден тезирээк кетирүүгө ашыгышты.

Жетинчи. Топчукебиз 70тен ашкандан бери саясаттан четтеп, И. Арабаев атындагы университетте ачылган Манастаануу институтуна жетекчи болуп, бардык энергиясын “Манасты” пропагандалоого жумшоодо. Ал боюнча аспирантураны ачты, журналды, китептерди чыгарууда.Азыр институтту академияга айландыруунун аракетин көрүүдө. Мурда ал саясаттын фанатиги болсо, азыр ал “Манастын” фанатигине айланды.

БАКЫРЧАК НАРДЫН БАРЫ ЖАКШЫ

Топчубек Тургуналиевич— максималист, болгондо да “Гүлсараттагы” Танабайдай дайыма эталондук чындыкты, аптекадагы таразадай тактыкты, кара кылды как жарган адилеттүүлүктү талап кылып, принципиалдуу маселелерге келгенде эч кандай компромисстерге баргысы келбеген супер максималист. Ошон үчүн аны жактырбагандар жетишерлик, туруктуу соратниктери аз, айрым кыялдарын достору түгүл үйүндөгүлөрү деле жактырышпайт. Ли Куан Ю айткандай, адамдардын басымдуу көпчүлүгү, болжол менен 90 пайызы инерттүү, бир идея үчүн куугунтукталып, камалмак түгүл, күндөлүк тиричиликте деле бир нерсеге баш ооруткусу, бирөөгө жаман көрүнгүсү келбейт, аларга курсактын тойгону, күндүн өткөнү гана эсеп. Бирок, элибизде “бакырчак нардын бары жакшы” деп айтылгандай, илимде жана адабиятта¸маданиятта өз иштерине фанатиктердей берилгендер гана ачылыш жасашкандай, коомду да топ жарган пассионарлар гана жаңыртышат, бурлактардай азап менен алга сүйрөп, сормо саздан жылдырышат. Аларсыз коом алга эмес, тез эле артка кете баштайт. Коомду Плюшкиндер, банкирлер эмес, жылаңач идеалисттер өзгөртүшөт. Андай адамдар болбосо, адамзат феодалдык түзүлүштөн алигече бери чыкмак эмес, ал эми республикабыз эбак эле үй-бүлөлүк эмес, монархиялык башкарууга кирип кетмек. Андай адамдары жок элдердин акырындап ырыстары түгөнүп, келечеги бүтөлөт.

Бул өңүттөрдөн алганда “Түбөлүк демократтын” аткаргандары, коомдогу орду эбегейсиз. Ал жөнүндө айтыла турган сөздөрдүн, бериле турган баалардын баары алдыда. Биз макалабызды жыйынтыктап жатып, бар болуңуз, Топчуке! Бакырчаак нардын бары жакшы дегибиз келет.

Папан Дүйшөнбаев

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: