Menu

Видео – Иликтөөчү журналист Элнура Алканова эл аралык сыйлык алды

Бөлүшүү:

Африкадагы Руанда мамлекетинин борбору Кигáли шаарында бүгүн коррупция менен күрөшүү багытындагы эл аралык сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктын расми аты – «Шейх Тамим бин Хамад аль-Танинин антикоррупциялык чеберчилик үчүн сыйлыгы» деп аталат, эл арасында болсо аны «Катар эмиринин сыйлыгы» деп коюшат, анткени аны эмир өз колу менен тапшырат.

Бул сыйлык 2009-жылы Катар мамлекетинин баш прокурору Али Бин Фетаис аль-Марри тарабынан негизделген жана аны Банги заттар менен кылмыштуулук боюнча Бириккен улуттардын башкармалыгы колдогон. Сыйлык 4 номинация боюнча берилет: коррупция боюнча илимий изилдөөлөр үчүн, бул күрөштөгү инновациялар үчүн, атайын жаштар үчүн сыйлык жана антикоррупциялк аракеттерге жалпы салым үчүн.

Инновациялар үчүн сыйлык быйыл бир нече ири иликтөө жүргүзгөн кыргыз журналисти Элнура Алкановага берилди. Башка үч номинацияда – коррупция боюнча илимий изилдөө жүргүзгөн жана өмүрүн ушул күрөшкө арнаган Албания менен Кипр университеттерин эки профессору менен Түштүк Африка жумуриятынан келген жаштар музыкалык тобуна берилди, анткени алар антикоррупциялык аракеттерди эл арасында жайылткан.

Сыйлык берүү салтанаттуу жыйынына катышуу үчүн Руандага бир нече мамлекеттин жетекчилери келди, бул өлкөдө 1994-жылы ири улут-аралык кагылышуу болуп, бийликте турган хуту улутундагылар 500 миңден бир миллионго чейинки сандагы тутси улутундагы адамды 4 айдын ичинде кырып салган. Эл аралык коомчулуктун жардамы менен азыр Руанда – эң ылдам жана жигердүү өнүгүп келаткан мамлекет.

Былтыр сыйлык берүү салтанаты Женева шаарында өткөрүлгөн, анда Кытай, АКШ, Иордания жана Италиянын өкүлдөрү жеңүүчү деп аталган. Бирок айрым эксперттер был сыйлык үчүн Катардын жетекчилигин сынга да алууда. Алардын айтымында, 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугун Катар коррупциялык жол менен алган жана ошону жашырыш үчүн ушундай сыйлык ойлоп чыгарган.

Бишкекте университетти бүтүргөндөн кийин Элнура Алканова Сараево шаарын барып, иликтөө жүргүзгөн журналисттердин эл аралык борборунда стажировкадан өткөн, алар ошол кезде «Панама документтерин» даярдап жаткан жана Алканова аларга жардамдашкан. Ал иликтөө жарыялангандан кийин бир нече мамлекеттин жогорку деңгээлдеги жетекчилери кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Сараеводон кайтып келгенден кийин Алканова «Азаттыкта» иштеп, маркум Улан Эгизбаев менен бирге бир нече иликтөө жүргүзгөн, алардын ичинде «Манас» аэропортуна күйүчү май жеткирүү жана 2016-жылдын январында кулап түшкөн «Боинг» тууралуу да иликтөөлөр. Сыйлык бергендин ордуна Алканованы жумуштан бошотуп салышкан жана эмгиче коом менен журналисттер арасында аны каралоо иштери жүрүүдө.

«Мен жазап аткан жумуш жалгыз эле мага кереги жок, бул жумуш баарыбызга керек, элге керек. Эгерде силерге кереги жок болсо мындай иликтөөлөр, анда бизге окшогон журналисттерди колдобой эле коюш керек. Жок, бизге чындык керек, бизге ушундай иликтөөлөр керек, бизге факттар керек, бизге жөнөкөй эле ушак сөздөрдүн кереги жок дегендей пикириңер бар болсо, анда мен суранып кетет элем, ушул азыркы убакта мага поддержка кылып, жардам берип, ушул акыйкаттуу чечимге келели бирге деген суранычым бар», – деген Алканова 2018-жылдын фералында коомчулукка кайрылып.

Кара пиарга карабай, Алканова «Идеал-хаус» деген турак жай комплексинин арзан баага сатылып кеткенин иликтеп, аны 2017-жылдын күзүндө «Фергана» эл аралык агенттиги аркылуу жарыялаган жана ага дароо ошол эле 2017-жылдын декабрында кылмыш иши ачылган, анткени ал иликтөөсү менен Элнура – ошол кездеги премьер Сапар Исаковдун куйругун басып алган. Кылмыш иши былтыр апрелде гана токтотулган.

Ошол 2017-жылдын аягында Кыргызстанда бийлик алмашып, андан соң Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковдун аракеттерине чекит коюлбаганда, Алканова беш жылга чейин абакка кесилип кетиши толук мүмкүн болчу. Андан Элнура кутулду, бирок коомдо жана өзгөчө журналисттик чөйрөдө аны каралоо дагы эле уланууда, анткени Атамбаев менен Исаков орноткон маанай коомдо дагы деле бар. Алар азыр соттолуп жатканы менен, коомдук пикир көп деле өзгөрө элек. Кеп ошондо.

Булак: 5-канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: