Эртең, 10-декабрда активист жаран Мелис Аспеков митингге эл чыгаарын алдын ала премьер-министр М.Абылгазиевге эскерткен.
Тагырагы, М.Аспеков Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовду кызматынан алуу талабын видео аркылуу билдирген. Анда ал премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиевге орус тилинде кайрылып, А.Мамбетовго катуу чара көрүп, кызматынан алуу талабын койгон. Болбосо митигге чыгууга “аргасыз болобуз” эртеңге чейин убакыт берген.
Эске сала кетсек, 5-декабрда Мамкаттоо Интернетте тараган маалыматты төгүндөгөн билдирүү тараткан. Дал ушул күнү Жогорку Кеңеште аталган мекеменин жетекчисинин жасалма номурларга тиешеси бар-жогун текшерүү маселеси да көтөрүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ