Menu

Депутаттык мандат 1 млн. долларга өстүбү?

Бөлүшүү:

Кудай сакта, “түгөнгөн сайын түтөгөң” деп Манаста айтылгандай бу саясат дегениң улам оргуштап, элди көзгө илбей бара жатканы эмнеси? Ушул тапта саясаттан, саясатчыдан тажаган коом, алдыдагы боло турган саясий өнөктөштүктөрдө, дегеле кырмычык кыраар кыйындарды тандоо, шайлоодо өтө этият болуш керек экенин жан какшап айтып, ал турсун жаңы жүздөргө суусап турганын, жаштар келиши керек экенин билдирип биригип жаткан кезде, мурдагы саясатчыларың мурунун балта кеспей, алдыда боло турган шайлоолордо, тагыраагы ЖК үчүн мандаттын баасы 1 млн. долларга өскөнүн ачык эле айтып оозубузду ачтырууда. ЖКнын депутаты Дастан Бекешев өзүнүн жеке сайтына Кыргызстандагы маалымат булактарына берген маегин жайгаштырды. Анда ачык эле алдыдагы шайлоолор, мандат тууралуу маек кылган. Ал гана эмес өзүнүн кесиптештерин тамаша салып “Бул жер миллионерлер клубу” деп айткан. Журналисттин “шайлоодо депутаттык мандат 100 миң доллардан, 500 миң долларга чейин болот дешет” деген суроосуна, “100 миң, бул сиздин эски маалыматтарыңыз экен” дегени таң
калыштуу болду. Бекешев андан аркы сөзүндө алдыңкы ондуктар 300 миң доллардан кем болбосун, алардан да жогорку орундуктар ал турсун 1 млн. долларга чейин бараарын ачык эле айтыптыр. “Ар кимдин күткөн байлыгына жараша бааланат, кимде завод-пароход бар, ал андан да жогорку акчаларга бааланат” – дейт Бекешев. “Анан бул акчаларды алар кантип акташат?” деген суроосуна Бекешев, “кеп акчада эмес, алар ал жерге өздөрүнүн бизнесин коргоо үчүн барышат” дейт.

Албетте, муну коом билбей, көрбөй жүргөн жери жок. Ичинен чыгышпаса да, сыртынан дал ушундай ойлорду коом өзү деле айтып, ал турсун саясатка бизнести жолотпоо керек экенин билдирип келишет. Бирок, каймана айтылган мындай ойлор, элди ойломуш этип жаткан “журт жакшыларынын” ар кандай аракеттеринен улам, арабөк жолдо калып келгени да чындык. Эми минтип Бекешевдей белдүү депутаттар ЖКнын ичиндеги болуп жаткан окуяларды коомго ачык айтып, агынан жарылууда. Буга коом кандай реакция кылып, шайлоолордо кимге добуш берээрди эмитен ойлонуп коюшканы оң болот.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: