Menu

Бабанов маанисиз фигурага айланды…

Бөлүшүү:

Өмүрбек Бабанов саясий салмагын жоготуп, көптүн бирине айланды. Негизи ушундай эле болмок. Коомчулук Бабановдон курч саясий билдирүүнү, экономикалык реформалар боюнча сунуштарды, келечек позициясы туурасында жаңылык күтүшкөн. Элдин үмүтү акталган жок. Адатынча бийликке ыңгайлашып, керт башынын кызыкчылыгы менен алпурушуп алаңдап калды. Эң жөнөкөй шартта УКМК, Финполдун тергөөчүлөрүнө чейин рахматын айтып эси ооп жатат. Ушунун өзү Бабановго келечек саясат эмес, кара башынын кепилдиги маанилүү экени көрүнүп турат. Саясатка барбай турганын айтып, бизнесиме тийбесеңер болду деген ишарат жасоодо.

Ырас, Бабаңовдун өлкөгө оор кырдаалда кирип келгенинин сыры ачыла элек. Керт башына кепилдик берилбесе, сагызгандан сак Бабанов өзүн тобокелге салып келбейт болчу. Арийне, Атамбаев бийликтин үшүн алып турган эркиндикте кезинде Бабанов бийлик үчүн керек эле. Азыр ал маанисиз фигурага айланды. Мындайча айтканда август
окуясынан кийин бийлик күчтөнүп, саясий позициясын бекемдеп алды. Мындай шартта Бабанов азыр бийликке кереги жок. Элдин демин суутуп, бир айлап суракка чакырып анан камап койсо, Бабанов деле эки көзүн бакырайтып түрмөгө отургандан башка аргасы калбайт. Дээринде күрөшчүл эмес, эпчилдикке багыт алган Бабановду саясий айдыңдан сүрүп чыгаруу көйгөй эмес. Учурдагы тергөө иши Бабановдун баш терисин байкоого багытталган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан АКБ “Кыргызстан” банкы боюнча сурак, кылтың этсең мурунку ээсине өтөт деген белги. Президенттик шайлоо учурундагы Он-Адырдагы сөзү боюнча УКМКда күбө катары суралып жатса, эртең кылмыш ишинин фигуранты болуп калышы кыйын эмес. Демек, чүлүк бекем тагылган. Мурдун жырып бошонуп кеткенге эрки жетпейт. Бийликтин айтканы менен болот, болбосо камалат. Же өлкөдөн кайрадан куйрук түйүп качат…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: