Menu

ЕККУ ПА жайкы сессиясы Минск шаарында өз ишин аяктады

Бөлүшүү:

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмдун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын ар жылкы 26 жайкы сессиясы Минск шаарында Түндүк Америкадан, Европадан жана Азиядан келген 260 жакын депутаттардын катышуусу менен өз ишин аяктады. Сессияны салтанаттуу түрдө ЕККУнун Төрайымы К. Муттонен айым, Беларусь Республикасынын Президенти А. Лукашенко,  ЕККУнун учурдагы Төрагасы, Австриянын тышкы иштер министри С. Курц мырза, Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы В. Андрейченко жана Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республика Кеңешинин Төрагасы М. Мясникович ачты. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясынын ЕККУ ПАда катышуусу сессиянын ишинде айрым кошумча пункттарды максималдуу колдоого алуу, жалпы комитеттердин резолюцияларынын долбоорлоруна жана кошумча пункттарга түзөтүүлөрдү  киргизүү, ошондой эле жалпы комитеттерде жана пленардык жыйындарда эң активдүү добуш берүү менен белгиленди. Кыргыз делегациясынын чечүүчү добушу менен «Беларусиядагы абал жөнүндө» жана «Түштүк-Чыгыш Европадагы абал жөнүндө» кошумча пункттарга критикалуу багытталган резолюциялардын долбоорлору күн тартиптен алып салынды.

Кыргызстандын делегациясы Кыргызстандан тартып Испания менен аяктаган ЕККУ аймагынын 20 жакын өлкөсүн бириктирген «ЕККУ ПАда Жибек жол» тобун түзүү боюнча азербайжан делегациясынын демилгесин колдоого алды жана түптөөчүсү болуп чыкты.  Бул топ ЕККУ ПАда Жибек жолуна кирген өлкөлөрүн кызыкчылыктарын алдыга жылдырууга жана диалогду эки тараптуу да, көп тараптуу да деңгээлде бекемдөөгө чакырылган.

Кыргыз делегациясы ЕККУ ПАнын Төрайымы К. Муттонен айым менен ЕККУ ПА-2018 күзгү сессиясын Кыргызстанда өткөрүүгө даярдыктын жүрүшүн талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрдү. Төрайым Кыргызстандагы ЕККУнун Жергиликтүү миссиясынын форматынын өзгөрүшү анын өлкөдөгү ишине жана Кыргызстандын ЕККУнун жана анын башка органдары менен өз ара иштешүүсүнө таасир этпейт деп үмүттөнөөрүн билдирди. Ал Бишкектеги ЕККУнун жалгыз Академиясынын бүткүл ЕККУ аймагынан жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо ишинде жогорку миссиясын белгиледи.

Сессиянын жыйынтыктары боюнча Ассамблеянын катышуучуларынын бир аз көпчүлүгү менен Минск декларациясы кабыл алынды(тиркемени караңыз).

Учурдагы Төрайым К. Муттонен айым (депутат, Австрия) жана казначей Д. Барнетт  айым (депутат, Германия) аккламация жолу аркылуу кийинки жылга кайрадан шайланышты. ЕККУ  ПАнын төрагасынын орун басарларынын тогуз кызмат ордунун ичинен  төрт бош орунга беш талапкер ат салышты. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча добуштардын көбүрөөк санын төмөнкүлөр алышты:

1) М. Цедерфельт айым (депутат, Швеция); 2) Р. Уикер мырза (депутат, АКШ); 3) М. Тидей айым (депутат, Италия) жана 4) П. Добрэ мырза (депутат, Румыния). Алардан тышкары, ЕККУ ПАнын төрагасынын орун басарлары болуп төмөнкүлөр саналат: 1) И. Сантос айым (депутат, Португалия); 2) А. Гулиев (депутат, Азербайжан); 3) Дж. Церетели мырза (депутат, Грузия); 4) Р. Бателли мырза (депутат, Словения) жана 5) Лорд П. Баунес (депутат, Улуу Британия).

Төраганын жаңы шайланган орун басарлары мурда жалпы комитеттерде ар түрдүү кызмат орундарын ээлеп жүргөндүктөн, алардан бошогон орундарга аккламация жолу аркылуу төмөнкү депутаттар шайланды: Ф. Ломбарди мырза (Швейцария) саясий маселелер жана коопсуздук боюнча биринчи жалпы комитеттин Төрагасы; К. Вигенин мырза (Болгария) – ошол эле комитеттин Баяндамачысы болуп тандалды, ал эми С. Кацарава айымды (Грузия) экономикалык маселелер, илим, технология жана курчап турган чөйрө боюнча экинчи жалпы комитеттин Баяндамачысы катарында жактырышты. Эскерте кетсек үч жалпы комитеттердеги калган кызмат орундарын төмөнкү депутаттар ээлешет:

Биринчи жалпы комитет:

Г. Пиччи мырза (Италия) – Вице-төрага;

Жалпы экинчи комитет:

Н. Сена айым (Португалия – Төрайым;

А. Герасимов (Украина) – Вице-төрага;

Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча үчүнчү жалпы комитет:

И. С. Амор мырза (Испания) – Төрага;

И. Добесова (Чехия) – Вице-төрайым;

К. Хаджианни мырза (Кипр) – Баяндамачы.

Мындан тышкары, Кыргызстандын делегациясы 2018-жылы ЕККУ ПАнын Кыргызстанда күзгү сессиясын талаптагыдай даярдоо жана өткөрүү үчүн кошумча маалыматтарды жана уюштуруучулардын керектүү тажрыйбасын алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: