Menu

Бишкекте көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат

Бөлүшүү:

Келечекте Бишкек шаарында көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат. Бул тууралуу Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиев ММКларга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр бак-дарак, гүлдөр жана башка өсүмдүктөрдүн көчөтүн бата турган түйүндөрдү ачууга убакыт тар. Анткени эл көчөттөрдү сатып алып жаткан мезгилде мэрия шаарды жашылдандыруу менен алек болуп калат. Ошондуктан келечекте мэрия чоң эле көчөт саткан базарды ачууну пландоодо.

«—Шаарда Щербаков №38 дарегинде мэриянын көчөтканасы бар. Ал жайды келечекте чоң базарга айлантууну пландап жатабыз. Анда бак-дарактын, гүлдүн бардык түрү сатылат. Базар ачылган соң телеканалдардан чоң жарнама кылабыз. Андан соң элдин баары маалымдар болуп, көчөттү кайдан сатып алуу керектигин билип калышат. Учурда бул базарды ачуу пландаштырылып жатат. Быйыл үлгүрүп калсак, күзгө чейин ачылып калат» – деп билдирет Ырысалы Жаналисв.

Ырысалы Жаналиев кошумчалагандай, жаңы ачыла турган базардагы көчөттөр шаардыктарга кепилдиги менен сатылмакчы.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: