Menu

Атамбаев АКШны дагы көрүп калайын деп ашыкты

Бөлүшүү:

Президент болуп турганда АКШны да көрүп калайын дедиби, айтор ушул жумада мамлекет башчыбыз жубайы, ТИМ жетекчиси, айрым ЖК депутаттарынын коштоосунда Нью-Йоркко барып, БУУнун 72-сессиясында сөз сүйлөдү. Канткен менен президентибиздин мөөнөтү бүтөрүнө саналуу күндөр калганда океандын ары жагына баргандыгы жакшы эле болду. Анткени былтыр да АКШга сапар тартып, Стамбул аэропортунда эс-үчүн жоготуп жыгылып, кийин Москвага которулуп араң айыгып келген болчу. А.Атамбаевдин бул бийик трибунада өлкөбүздүн тышкы саясаты, айрыкча Мьянмадагы мусулмандардын абалы тууралуу кеңири сүйлөп, бейкүнөө адамдардын жабыркап жаткандыгын айыптагандыгы жакшы болду. Себеби дүйнө жүзү, эл аралык коомчулук Кыргызстан деген мамлекет бар экендигин билип калышты. Бирок ажобуз сөзүнүн аягында кыргыз элине кайрылып, мындай деди: “Бир аз күндөн кийин кыргыздар өз ажосун шайлайт. Кайрадан  башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз  ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун! Кайрадан элдин байлыгы бекер  сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун!”. Бирок бул сөздөр кайсы мамлекетке же анын президенти тууралуу болду экен?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: