«Эт менен челдин» ортосунан арыла албаган Дүйшөн Ирсалиев деген бир эргул бар. Кайсы бийлик келсе да «кошоматка кой союп», кызмат алуунун гана амалында жүрү. Алгач Дүкөң «Нарын облусунун добушун өзүм эле алам, Сооронбай Шариповичти президент кылабыз» деп күпүлдөсө, эми ыңдыңы өчө баштаганы, эл аны кабыл албай атканы эмнени билдирет? «Жылкыңа карап ышкыр» дейт го, эртең ишенген кожоңор ийгиликке жете албаса, нарындыктарды Сокеге карама-каршы коюп кетсе кантесиңер? Ирсалиев адатынча ийинин куушуруп, четке чыга берчү эле. Же бу «тыңчыкма» атайын эле тескери иштөө жагынан «десант» болуп түшкөнбү?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ