Menu

Мас абалындагы айдоочу Бишкекке келе жатып, катуу ылдамдыкта бетон тосмону сүзүп алган

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодский айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу журналисттерге окуянын күбөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 29-декабрда саат 02:00 чамасында болгон. Анда “Volkswagen Vento” унаасы бетон тосмону сүзүп алган.

Айдоочу Кара-Балта шаарынан Бишкек шаарына катуу ылдамдыкта бара жаткан. Ал рулду башкара албай, унаа бетон тосмого урунган. 24 жаштагы айдоочу райондук ооруканага жеткирилген. Кырсыктан улам унаа катуу жабыркаган. Ошондой эле унаанын ичинде айдоочудан башка эч ким болгон эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу мас абалда болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: