Menu

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер ант берүүгө милдеттендирилет

Бөлүшүү:

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер ант берүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, учурда Мыйзам актыларынын таасирине баа берүү системасынын сайтында «Мамлекеттик кызмат тууралуу» мыйзам долбоору талкууланууда.

Долбоордун 55-беренесинде мамлекеттик кызматка жаңыдан киришип жаткан жарандар окуй турган анттын тексти жазылган:

«Өз ишимде Өзбекстан Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарын, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин принциптерин ыйык сактоого, кызматтык милдеттеримди ак ниеттүүлүк менен аткарып, Өзбекстан эли үчүн кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант беремин. Бул антты бузсам мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликке тартылууга даярмын».

Андан соң ант берген адам анттын текстине кол коюп, ал кабыл алынган датаны жазат.

Мыйзам долбоорунда ал кагаз мамлекеттик кызматкердин жеке ишинде сактала тургандыгы белгиленген.

Булак:  Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: