Menu

Келиндин кагуусун угуп, катыган нан жеген карынын тагдыры

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Сары-Камыш айылынан келген 60 жаштан ашкан Исмаилов Кудайберген авага аманатын алып барып, ал-акыбалы менен тааанышып кайттым. Менин бара жатканымды уккан бул киши тааныбаса дагы эки балдагын сүйрөп, төртүнчү кабаттан короого түшүп келип, алаңдап ар тарапты караганы, «мен сизге келдим» десем, ак калпагын булгалап, «бери бас» деп ишарат кылып, жанына барсам жаш балача кудуңдап сүйүнгөнү эсимде калды. Бир бөлмөдө үч адам… үч тагдыр жашап жатыптыр. Бири туулуп өскөн ата конушунан бир тууган иниси тарабынан куулуп, сүрүлүп чыккан Кудайберген Исмаилов болсо, эки адам дагы майыптыгынан улам мажбурлап ушул мекемеге алып келинип, кайрылып кайра туугандарын көрбөгөндөр. Кудайберген ава ата конушун кармап, өз айылында жашап жүргөн. Бирок, кичүү иниси жыйырма жыл Орусияда жүрүп, үй-бүлөсү менен кайтканда карылыкка моюн сунуп, өз жанын эптеп багып жаткан агасы ашыктык кылып, аны бул карылар үйүнө өзү документ топтоп кетип калуусуна аргасыз кылган.

Кудайберген ава жээни берип жиберген аманатты алып, тамак ташып келген кызматкерлерге кудуңдап сүйүнүп атканын жашырган жок. Ал акыркы жылы айыл жеринде жашоо оорлой баштаганын айтып, бул мекемеге чейинки тарыхын айтып берди. Үч айда ден соолугу жакшы калыбына келгенине кубанып, «багуу жакшы» деп 3-корпустун социалдык кызматкерлерлерине ыраазычылык билдирди.

Анткени ал келиндин кагуусун көрүп, катыган нан чайнап, жаш балдардын шылдыңына айланып, айылда карып болуп жашачу экен. Эми өз керебети бар. Шейшептери менен кийими убагында жуулуп, мончого жума сайын түшөрүн айтып, «мен үчүн ушул эле жетиштүү» деп каниет кылып отурду.

Карылар үйүндө түрдүү тагдырлар… Бирок, басымдуу көпчүлүгү Кудайберген авадай эркектер. Эмнеге? Анткени, жаш кез, ал-күч барда «Катын жолдо, бала белде» деп бүлө күтүп, анын түйшүгүн бирге тартуунун ордуна өз ьңгайына карап басып кеткендер, карылык жеткенде балдарына батына албай, ушул мамлекеттик жайга аргасыз келишет. Биз сөз кылып жаткан Кудайберген аванын дагы эки кызы бар. Бирок жаш кезинде ажырашып кеткендиктен, бир эле кызы атасынан кабар алып турса, экинчиси менен такыр байланышы жок экен.

Төмөнкү-Серафимовка социалдык стационардык мекемесинин жетекчиси Бактыбек Жунушов замандаштарын жаш кезде бүлө күтүп, бүтүн үй-бүлө күтүүгө чакырды: «Мен ушул айылда өскөм. Мурда кыргыздар сейрек келсе, азыр тескеринче башка улуттар аз. Ал эми чечен улутундагылар жок. Бир майып адам бар эле ошого дагы чечендер тез-тез келип, ал  өлүп калганча карашты. Демек дал ушул улуттан үлгү алуубуз керек. Бизде жашаган бир адамдын бир убакта таштап кеткен кызы маал-маалы менен каттап турду. Уулу дагы бар экен. Көрсө, бул адам бир убакта жакшы акча таап, Орусияда иштеген экен. Бирок, экинчи үй-бүлөсүнөн жолу болбой калган экен. Анткени, ал майып болуп калган. Ушундай абалда калган атасын балдары таап, алып кетишти. Мындан улам, замандаштарыма кайрылып, жаш кезде балдарды таштап, жаңы үй-бүлө куруу менен карылыкта кароосуз, кайрымсыз калуудан коркуу керектигин айткым келет».

Бактыбек Жунушовдун айтымында, каза болгондорду мусулманча жайга беришет. Айрым учурда балдарына ата-энесинин өлгөндүгүн айтып кабар кылса, «көмө бергиле, убактыбыз жок» деп мерез болуп калгандар да бар дейт. Айрымдар уул-кызы таштап кетсе дагы, үмүтүн үзбөй жол карап күтүшөт экен. Акыркы кезде Кыргызстандын алыскы аймактары Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынан көп адам келип жатканын билдирди.

Учурда карылар үйүндөгү социалдык маселелер чечилип,  тамак аштын рациондору жакшыртылып, мекеме дагы демөөрчүлөрдү издеп, күнөскана шире иштетүүчү цех ачып алып, өзүн-өзү каржылоого кызыкдар. Бирок, чечилбеген маселелери дагы бар. Нооруз суусунан түз суу ичкендиктен, жазда суу киргенде таза суусуз калышат. Ошондуктан, демөөрчүлөрдү издөө менен алек…

Сөз соңунда айтарым, ооба, жаштык бар кезде айрым жашоого жеңил караган адамдар бала багуудан качып бүлө күтпөй койбой, кандай карылыкка туш болом деп ойлонушу керек. Кадырлуу карылыкка жетүү үчүн татыктуу уул-кыз тарбиялап, кайрымдуу болууга, башка адамдардын муктаждыгын камсыздоого, жок дегенде жылуу сөз айтууга неге болбосун. Эң негизгиси, жүрөктү жакшы иш жасоого ачуу зарыл… Жаныбыздагы адамдарга, төрдүн көркү карыяларга кайрымдуу болсок. Келин-уул, кыз-күйөөнүн кагуусун эмес, багуусун баарына насип этсин. Жакын адамдарын бул жайга, айрыкча ата-энесин бул жакка таштоо уят болуп, ага карата коомдо мамилени өзгөртсөк, коомубуз оңолоор эле, замандаш!

Гулмира Уметалиева

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: