Москвалык пранкер Луиза Мирей москвалык кыргыздарга күтүлбөгөн жерден кыргыз тилинде суроолорду берип, аларды тамашага салат. Ал Кыргызстанда төрөлгөн. Жаш кезинде ата-энеси менен Россияга кеткен.
Кыздын кыргыз тилинде телефон аркылуу бирөө менен урушкан пранкы көрөмандар арасында ажиотаж жаратты. Луиза Москванын “Ашан” соода борборунда ашканада отурган кыргыз жарандарынан орусча “чалып алайын” деп телефон сурап, күтүп жаткан кишисине чалат. Ал телефон менен кыргызча сүйлөшүп, жердештерин таң калтырды. Ал телефон менен сүйлөшүп жаткан адамын урушуп, кыргызча тилдейт.
Луиза вайндарын Инстаграм, Тик Ток жана Ютюб социалдык тармактарында жарыялай баштады.
“Мен тарткан алгачкы вайндар мен үчүн өтө зыяндуу болгон жок жана тилекке каршы, популярдуу да болгон жок. Элдин көңүлүн буруш үчүн эми ороюраак видеолорду тарта баштадым. Мен адамдардын жинине тийип, андан кийин кичинекей пранктын каармандары болушкандыгын айтам”, – деп түшүндүрөт Луиза.
Луиза Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Биринчи кыргыз тилинде сүйлөгөн. Ал кыргыз тилинен сырткары, орус, түрк, англис тилдеринде сүйлөйт.
“Чынын айтканда, мен үчүн кыргызча сүйлөө оңой. Менин апам кыргыз, атам орус улутунан. Балким, ушуга байланыштуу болсо керек. Мени үйдөгүлөр “Сарышка” деп эркелетишет”, – дейт Луиза.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ