Menu

Видео – Луиза Мирей, Москвалык пранкер: “Мен кыргызча сүйлөсөм эле элдер таң калышат”

Бөлүшүү:

Москвалык пранкер Луиза Мирей москвалык кыргыздарга күтүлбөгөн жерден кыргыз тилинде суроолорду берип, аларды тамашага салат. Ал Кыргызстанда төрөлгөн. Жаш кезинде ата-энеси менен Россияга кеткен. 

Кыздын кыргыз тилинде телефон аркылуу бирөө менен урушкан пранкы көрөмандар арасында ажиотаж жаратты. Луиза Москванын “Ашан” соода борборунда ашканада отурган кыргыз жарандарынан орусча “чалып алайын” деп телефон сурап, күтүп жаткан кишисине чалат. Ал телефон менен кыргызча сүйлөшүп, жердештерин таң калтырды. Ал телефон менен сүйлөшүп жаткан адамын урушуп, кыргызча тилдейт. 

Луиза вайндарын Инстаграм, Тик Ток жана Ютюб социалдык тармактарында жарыялай баштады.

“Мен тарткан алгачкы вайндар мен үчүн өтө зыяндуу болгон жок жана тилекке каршы, популярдуу да болгон жок. Элдин көңүлүн буруш үчүн эми ороюраак видеолорду тарта баштадым. Мен адамдардын жинине тийип, андан кийин кичинекей пранктын каармандары болушкандыгын айтам”, – деп түшүндүрөт Луиза.

Луиза Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Биринчи кыргыз тилинде сүйлөгөн. Ал кыргыз тилинен сырткары, орус, түрк, англис тилдеринде сүйлөйт.

“Чынын айтканда, мен үчүн кыргызча сүйлөө оңой. Менин апам кыргыз, атам орус улутунан. Балким, ушуга байланыштуу болсо керек. Мени үйдөгүлөр “Сарышка” деп эркелетишет”, – дейт Луиза.

Луиза жарыялаган видеолор чоң кызыгууну жаратат. Жакында Луиза дагы бир тамашалуу видеосун жарыялаган. Видеодо ал андан карызга акча алышкандыгын жана аны кайтарып бербей жаткандарын айткан.

“Видео катуу реакцияны жаратты. Кимдир бирөө күлүп койду, ошондой эле карызы бар адамдар жөнүндө окуяларын айтып бергендер дагы болду. Жашоо темаларындагы юмор көрүүчүлөрдү өзүнө тартуунун мыкты жолу. Мындай видеолорду тартууну улантып, блогумду өнүктүрүүнү пландап жатам”, – дейт Луиза.

Ал бул багыттагы ишмердүүлүгүн улантып, көп акча таап, аны кайрымдуулукка жумшасам деген тилеги бар.

Биздеги маалыматтар боюнча Луиза Мирей Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Туюк-Жар айылында төрөлгөн. Атасы орус, апасы кыргыз. Таятасы Эшалиев Акмырза кыргыз, таэнеси татар кызы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: