Жер ресурстары башкармалыгынын жыйындар залында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине жеңилдетилген типтеги объектилерге укук берүү боюнча комиссия өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, анда 162 маселе каралып, анын 113ү жалпы аянты 2,933,5 чарчы метрди түзгѳн 504,4 миң сом суммасындагы ижаралык келишимдер түзүлгөн.
Октябрь районунда 30, Биринчи май районунда- 21, Свердлов районунда – 23 жана Ленин районунда- 20 келишим түзүлгөн.
Жарнак конструкцияларынын жалпы аянты аянты 283,76 чарчы метрди түзгөн 19 ижара келишимден 18не уруксат берилген.
Ири ижарачы менен 28 чарчы метр жер тилкесин убактылуу пайдалануу үчүн дагы бир келишим түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ