Чүй ОИИББнын жетекчиси Самат Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Самат Курманкулов Москвадагы Реабилитациялык борбордо дарылануусун улантууда. Буга чейин ал атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатса, азыр өз алдынча басып, сүйлөп калды.
Эскерте кетсек, 7-8-августта, Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда, Чүй ОИИББнын жетекчиси Самат Курманкуловдун башына таш тийип, оор жаракат алган. Ага эки жолу операция жасалып, бир нече күн комада жаткан. 11-августта Орусиядан дарыгерлер келип, консилиум өткөрүшкөн, ошондон кийин Москвага которулган. Анын Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунда жакшылап дарылануусуна премьер-министр М.Абылгазиев резвервдик фондунан акча бөлгөн.
Анын акырындап баса баштаганы 6-ноябрда айтылган.
Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Самат Курманкулов (1-ноябрда – милиция майрамында) «Эрдик» медалы менен сыйланган. Андагы сыйлыкты бүгүн, 11-ноябрда ИИМ министри Кашкар Жунушалиев жабырлануучунун өз колуна тапшырды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ