Menu

Алмазбек Атамбаевдин абалы орточо деп бааланууда

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин абалы орточо деп бааланууда. Бул тууралуу Асел Кодуранова КР президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгерине шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымы боюнча, аталган оорукананын башкы дарыгери депутат айымга Алмазбек Атамбаевдин коронавируска тапшрган тестинин жыйынтыгы терс чыкканын айткан.

Ооруканага Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков жана Алмаз Атамбаевдин тарапташтары Кундуз Жолдубаев, Назгүл Мамытова келип, аны менен жолугушууну каалашкан. Бирок аларды киргизбей коюшкан, бирок аларга башкы дарыгердин телефон номери беришкен. Дарыгерге Асел Кодуранова телефон чалып сүйлөшкөн.

“Башкы дарыгердин айтымы боюнча Алмазбек Атамбаевди “кызыл зонада” жатат. Ошондуктан ага эч кимди киргизбей жатышат. Ал жакка киргендердин бардыгы эки жумага карантинге алынышы керек” – деп билдирди Кодуранова.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмонияга кабылып, УКМКнын тергөө изоляторунан ооруканага которулганы айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: