Menu

Чынгыз Айтматовдун уулу Түркиянын Кыргызстандагы элчисин сотко берди

Бөлүшүү:

Мурдагы Тышкы иштер министри жана Ч.Айтматовдун уулу Аскар Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыратты сотко берди. Ага себеп болгону, аны элчи ФЕТОнун тарапташы деп атаганы болгон. Бул уюмдун түрк бийлиги террористтик уюм катары санайт.

“Минтип эл алдында бир өлкөнүн жаранын оор кылмышка катышкан киши катары көрсөтүп жатканы, дипломат үчүн кечирилгис жорук”, – дейт Аскар мырза. Ал Женгиз Фыраттан кечирим сурап, расмий басылмаларга жарыялашын талап кылды. Жайында Аскар Айтматов ММКлар аркылуу кайрылып, кечирим сурап коюуну өтүнгөн, бирок түрк элчилиги бул кайрылууну “маанисиз, биздин деңгээлдеги маселе эмес” деп кутулушкан. Эми минтип Аскар мырза сотко кайрылып олтурат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: