Бүгүн, 18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядан Баткен облусуна учуп келди. Аны аэропорттон өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана жергиликтүү тургундар тосуп алышты.
Аэропорттон дароо атайын кызматтын башчысы Ак-Сай айыл аймагына жөнөп кетти. Ал жергиликтүү калк менен жолугуп, чек ара маселелери менен таанышат.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев 5-февралда Германияга жүрөгүнө операция жасатуу үчүн учуп кеткен. 12-февралга операция жасалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ