Сооронбай Жээнбековдун карындашы Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 25-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү алдамчылыкка шектелген Гүлзат Кантөрөеваны (Ташкулова) Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизген.
Белгилей кетсек, буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун карындашы Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) алдамчылыкка айыпталып жатканы айтылган.
Арыз ээси Гүлзат Кантөрөева жана анын шериктери үйдү жана 25 миң долларды тартып алышканын айткан. Бирок Кантөрөева Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына аталган иш боюнча эмес, дагы бир алдамчылык фактысы боюнча камалганы белгилүү болду.
Арыз жазгандардын айтымында, Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) кылмыш иши козголгон жарандардан, милициядан кутултам деп ири суммадагы акчаларды алып жүргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ