Кыргызстанда орусиялык “Sputnik V” вакцинасы менен эмдөө баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 65 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдар “Sputnik V” вакцинасын алышат. Аталган вакцинаны биринчи болуп белгилүү 94 жаштагы хирург Мамбет Мамакеев алды. Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аксакалды кубаттап, жеңин түрүп, жанында турду.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-апрелде Кыргызстанга коронавирус инфециясына каршы «Спутник V» вакцинасы 20 миң доза көлөмүндө жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ