Бүгүн, 27-апрелде, кыргыз эл жазуучусу, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова каза болду. Бул тууралуу журналисттерге үй-бүлөнүн жакындары тастыкташты.
Белгилүү болгондой, жубайлар 65 жыл бирге жашап, үч баланы тарбиялап өстүрүшкөн.
Белгилей кетсек, белгилүү жазуучу Бексултан Жакиев 25-апрелде 85 жашында көз жумган. Анын сөөгү кечээ, 26-апрелде Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ