Баткен облусунун Самаркандек, Актатыр жана Кулунду айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эвакуациялоого 13 атайын автоунаалары, 156 кызматкерлер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 60 спринтер тартылды.
Баткен облусунун Баткен районунан 1409 жаран Баткен шаарындагы мейманканаларга жана мектептерге эвакуацияланган.
Эскерте кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунан 159 жаран Исфана шаарындагы жатак интернаттарга эвакуацияланган, ал эми 8647 жаран туугандарына үйлөрүнө жайгаштырылган.
Баткен облусу боюнча 10 215 жаранга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ