Бишкек шаарындагы Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги барак тибиндеги турак үйдөн киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирет.
Маалыматка ылайык, саат 11:30 чамасында милицияга зомбулук менен өлтүрүлгөн 2 аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери 60 жаштагы аял жана анын 31 жаштагы кызы өлтүрүлгөнүн аныкташкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ