Menu

Кербенде милициянын машинеси сүзгөн төрт мугалимдин экөө каза тапты

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 10-февраль күнү кечинде Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери катышкан жол кырсыгынын кесепетинен эки адам жеринде эле каза таап, дагы экөө катуу жараланды. Жапа чеккен экөө азыр райондук ооруканада дарыланып жатышат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков жол боюндагы жөө адамдарды койдуруп кеткен унааны Аксы РИИБсынын кызматкери айдап бара жаткандыгын ырастады. – Аксы РИИБинде иштеген милиция кызматкери өзүнүн менчик унаасы менен жумуштан кайтып келаткан экен. Анан Кербен шаарындагы көчөлөрдүн бирине жеткенде унаа тайгаланып, жолдун четине сүрүлүп барып, акырында төрт адамды койдуруп кеткен. Кырсыктын кесепетинен алган жараатынан улам эки аял жеринде каза табышкан. Дагы эки аял Аксы райондук аймактык ооруканасына дароо жеткирилген,- деп кошумчалады Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков. Баса, кырсыкка кабылган милиция кызматкери Аксы райондук ооруканасынын наркология бөлүмүнө дароо жеткирилип, текшерилди. Жыйынтыгында кырсык баскан маалда ал соо экендиги аныкталды. Ошентип, окуя боюнча кылмыш иши козголо элек. Бирок, ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы бул фактынын негизинде териштирүү иштерин жүргүзүп жаткан чагы. Мындан тышкары кырсыкка кабылгандардан жана каза тапкандардын жакындарынан милицияга арыз дагы түшө элек.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: