Жалал-Абадда 7-класстын окуучусу сарайда асылып турган жеринен табылды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, кечээ, 13-майда Сузак районундагы үйлөрдүн биринде 7-класстын окуучусун сарайда асынып турган жеринен ата-энеси табышкан. Бала ооруканага жаткырылган, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан жок. Дарыгерлер анын каза болгонун айтышкан.
Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ