Бүгүн, 14-майда, саат 15:54тө КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 5 балл, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол, Сары-Таш айылдарында 4 балл, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Кулчу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ