Menu

КР Президенттигине талапкерлер менен саясий партияларга шайлоо жараксыз деп табылса, шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү демилгеси жактырылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Улугбек Ормонов.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерге жана шайлоо өткөн жок деп табылган учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү механизмин жөнгө салууга багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: