Кемин районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 7-май күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Чым-Коргон айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, анын үйүнөн белгисиз бирөө 16000 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1988-жылы туулган Токмок шаарынын жашоочусу К.Н. аттуу жаран кармалган.
Андан сырткары, Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан Чым-Коргон айылына жакын жайгашкан каналдын темир тетиктерин уурдоого шектелип, 1991-жылы туулган М.Ч. аттуу жаран кармалган. Ал боюнча Кемин РИИБнө жергиликтүү иш-каналардын биринин өкүлү арыз менен кайрылып, аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган жарандар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ