Menu

Жээнбековдор Мелис Аспековду сотко беришти

Бөлүшүү:

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков “кадыр-баркты коргоо” тууралуу арыз менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылышты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов кабарлады.

“Бул иш жарандык тартипте Аламүдүн райондук сотуна кечээ, 25-майда келип түштү. Азыр каттоого алып, соттук отурумдун күнүн белгилөө процедурасы жүрүп жатат. Ушул жуманын аягында же кийинки жумада сот кайсы күнгө коюлганы, кимдер катышары билинет. Жээнбековдор Мелис Аспековдун айткан маалыматтарына байланыштуу кадыр-баркына доо кеткенин билдиришип, аларды коргоо арызы менен кайрылышты”.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Жээнбековдор 1 миллион сом талап кылып жатканын жазып чыгышты.

Байгазинов арыз жаңы келип, каттоо баскычынан өтүп жаткандыктан доонун суммасы такталып жатканын кабарлады.

Жээнбековдор Мелис Аспековдун Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар бергени тууралуу айткан маалыматын төгүндөөнү талап кылышууда.

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына азыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган. Ал “Шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деп бир нече факты келтирген.

Ошол эле күнү Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров камакта жаткан активист Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп кайтарып, экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко бере турганын айткан.

Президент Садыр Жапаровдун ошол кездеги маалымат катчысы Галина Байтерек Мелис Аспековдун бул билдирүүсүн төгүндөп, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылабаганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: