Menu

Шакинин “кол балдары” бүтүндөй өлкөгө көө жапканга өтүштүбү?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты (“Кыргызстан” фракциясынан) Асылбек уулу Дамирбектин өткөн жумада аткезчилик менен Казакстанда кармалып, ансыз да кум сымал эшилип бараткан кыргыз бийлигинин, ага кошуп парламентти гана эмес, бүтүндөй мамлекетти уят кылган жоругу бир аптадан бери коомчулуктун кызуу талкуусунда кеп болууда. Трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу менен коңшу өлкөдөн кармалган, Кыргызстанда аты-жыты анчейин белгисиз бул эргул деги ким? Эмесе, баскан изине абай салып көрөлү.

2009-2010-жылдары бакиевдердин доорунда Асылбек уулу Дамирбек айтылуу «Акжол» партиясы менен кыска аралыкка депутат боло калган жайы бар. 2010-жылдагы ап­рель окуясынан соң «Рес­публика» партиясы менен кайрадан парламентке аттанып, бирок, бул чакырылышта Дамкеңе мандат бактысы буюрбай калган. 2015-жылы айтылуу алко­магнат Шаршенбек Абдыкеримовго таандык, өңчөй көпөстөрдөн куралган «Кыргызстан» партиясынын катары менен парламентке аттанып, мандат алган. Ошондон бери кирди-чыкты депутаттардын бири, парламенттеги тыңгылыктуу ооз ачпаган эл өкүлдөрүнүн катарын толуктап келет. Ал кыргыз кыйырына депутат эмес, спортсмен катары көбүрөөк белгилүү. 2012-жылдан тартып спорттун жалпы күрөш боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти, грек-рим күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери. Жакында эле дал ушул Дамирдин өзбекстандык Салимбай байбача менен түшкөн сүрөтү коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып, эл өкүлүнө карата бир ка­тар соболдор жаралган. Жообун айтып оозун жыя электе коңшу өлкөнүн изкубарлары тарабынан тигинтип кылтакка илинип отурат. Баскан кадамы шек жараткан бу Дамириңер алкомагнат Шакинин «тумшуктууга кактырбаган» «кол баласы» экенин көпчүлүк биле бербейт. Бизге жеткен күбүр-шыбырларга караганда, Шаршенбек

Абдыкеримов арты та­за эмес бул «кол куурчагын» каржылык жактан катуу колдоп, ар бир өткөзгөн спорттук иш-чараларынан өйдө көмөгүн көрсөтүп жүргөндүгү сөз болуп жүрөт. Алтургай Шакинин жөлөп-таёосу менен парламентке жеткени жалганбы? Дегеле «Кыргызстан» партиясында Шакинин амири менен келген депутаттар арбын экени маалым. Демек, ири бизнесмен ката­ры Шаки өзү да чыныгы таза парламентарийлерге эмес, дал ушул Дамир­бек өңдүү баскан изи шек жараткан, өзүнүн тилинен чыкпаган «кол куурчактарды» алып келгенге кызыкдарбы? Же бу ал­комагнат өзүнүн бизнесин парламентте коргоп берчү ушундай команданы алып келеби? Албетте, мындай шартта Ша­кинин бизнестеринин адалдыгы күмөн туудурат. Баса, «Кыргызстан» фракциясынын бошогон депутаттык орундарына бүгүн-эртең эл өкүлү болууга кезеги келген тизмедеги Р.Чойбеков, Ж.Исаев сындуу келечектеги парламентарийлер да Шакинин «кол куурчакгары» экендиги каңкууланды. Алкомагнаттын балдары тигинтип четинен партиясын, шефин гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн кадырына шек келтирип жатканда, береги тизмедеги эки берени да эртең мамлекетти жер каратчулардан эмеспи? Албетте, мындай шартта келечектеги депутаттарын тыкыр текшерүүдөн өткөрүшү кажет.

Баса, Шакинин парла­ментте «кол балдары» гана эмес, «кол кыздары» да болгонун унута элексиңерби? «Кыргызстан» партиясынан депутат бо­луп, кийин социалдык өнүктүрүү министрлигине секирик жасаган Таалайгүл Исакунова алко­магнаттын көздөй бир тууган кайнежеси экен­диги маалым. Бу айым жөлөк пул жөнүндө мыйзамды так эсептеп бере албагандыктан былтыр парламент отставкага кетирүү талабын койгон. Ал эми депутаттыктан вице- премьер-министрликке секирген Чолпон Султанбекова Шакини баласына өкүл ата койгон. Абдыке­римов көздөй эки кыз-келинин көтөрмөлөп ийгени менен көздөй эмес эки кызы Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы кууп чыкканы боюнча чоң чатак болгону маалым. Гендердик теңчиликти уруп ойнобогон, кыз-келиндерди топтой тебелеген бул фракцияда азыр бир дагы аялзаты жок. Анан кантип булар эл ишенимине ээ болушат? Анан калса фракциянын мурунку лидери Канат Исаев камалганы, бошой турчу депутаттык мандатка да кайрадан Шакинин гана тегерегиндегилер менен өңчөй ат- башылыктардын келиши күтүлүп жатканы парла­ментте катуу кепке айланды. Деги бул көпөс менен парламенттеги аталган фракцияны тизгиндеп койчу жан барбы? Прези­дент Жээнбеков корруп­ция боюнча күрөш күчөтүлөрүн катуу эскерткени бар. Андай болсо күч органдарынын назары буларга неге түшпөйт?

Канжар БОРПОШОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: