КР УКМК 2021-жылдын 30-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында «Э.И.У.» аттуу жаран кармалды. Ал жасалма документтерди колдонуу менен жеке адамга Ысык-Көл облусунун аймагындагы пансионаттардын бириндеги коттеджди 40 миң АКШ долларына саткан жана мурда алынган каражатты кайтаруудан баш тартып, өлкө жана атайын кызматтардын жетекчилиги менен байланышы бар экендигин айтып коркуткан.
Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) боюнча Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
КР УКМК мындай алдамчылыктардан жабыркаган жарандардан тиешелүү арыз менен же УКМКнын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну суранат 0312 660475. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ