Ысык-Ата РИИБке 2022-жылдын 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, залалдын оордугунан каза болгону жөнүндө маалымат келген.
Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБтин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган, өлгөн жарандын күйөсү 1982-жылы туулган К.М. Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы үйдө арак ичип олтуруп, уруш чыгарып аялын сабап, өлүмгө алып келген залал келтирген.
Шектүү жаран К.М. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ