Menu

Чек ара кызматы: Булак-Башыда ок атышуу токтоду, кырдаал чыңалып турат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 14-сентябрь, саат 12.40ка карата чыңалып турганын, бирок ок атышуу токтогонун билдирди. Баткен жана Согд облусунун чек ара башчыларынын сүйлөшүүлөрү уланып жатканын кабарлады.

Мунун алдында Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода жолугарын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, “тажик чек арачылары миномет” колдонгон.

Атышуудан кыргыз тараптан эки чек арачы жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

“Минометтон чачыраган минанын кесепетинен бир чек арасы жеңил жаракат, экинчи аскер кызматкери контузия алды”, – деп белгиледи мекеме.

Тажикстандагы “Хобар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган.

“Озоди” өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жаарат алганын билдирди. Азырынча алардын тек-жайы тактала элек.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Бул арада ок атылган аймактагы жайыт өрттөндү. Бул тууралуу Баткен облусундагы Жайыт комитетинин башчысы Меңдибай Зикираев билдирди. Анын ырасташынча, тажик тараптан минометтен ок атылган жерде өрт тутанып, 20 гектардай жайыт күйүп кетти. Учурда өрт толук өчүрүлө элек, эки аскер жана төрт чабан аны өчүрүүгө аракет кылып жатат.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: