Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссия мүчөлөрү менен жолугушту. Алардын катарында аталган бюронун бөлүм башчысы Александ Шлык, шайлоо маселелери боюнча эксперттери Ана Русу, Алексей Громов жана Ирина Сабашук бар. Бул туурасында КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Жолугушууда Кыргызстандагы шайлоо жараяндары, анын ичинде президенттик шайлоого карата даярдык маселелери талкууланды.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан мурдагы Советтер союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен шайлоолорду өткөрүү жаатында тиешелүү жетишкендиктерге ээ экендигин белгилеп: “Биз ушул демократиялык багытыбыздан тайбай, келечекте өтүүчү шайлоолорду да ачык-айкын жана таза өткөрүшүбүз керек. Ага жараша биздеги шайлоолорго ЕККУ өӊдүү бир катар эл аралык уюмдардын байкоочуларынын катышуусу өтө маанилүү”, – деди.
Ошондой эле жолугушууда шайлоо маселелерине байланышкан мыйзамдардын азыркы абалы талкууга алынып, бул жаатта Жогорку Кеӊеште жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу айтылды.
Ал эми ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун бөлүм башчысы Александр Шлык Кыргызстандагы шайлоо өнөктүктөрү дүйнө коомчулугунун көз алдында экенин белгилеп, бул жаатта кызматташууга даяр экендиктерин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ