Кечээ, 6-декабрда Италиянын Милан шаарында Тышкы иштер Министри Ч.Айдарбековдун төрагалыгында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө, Уюмга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун Башчылары эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикирлер менен алмашты. Ошондой эле ЕККУнун алкагында Уюмга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүлөрүнүн жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча бул уюм менен андан ары кызматташуусунун өзөктүү маселелери талкууланды.
Маалымат үчүн: 2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында болгон ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча кийинки сессиялар аралык мезгилде ЖККУга төрагалык кылуу, Казакстандан Кыргызстанга өтткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ