Menu

Талант Анарбаев, куудул: 7-апрель – Кыргызстан УУРУлардан кутулуп, кайра андан чоң УУРУларды алып келген күн!

Бөлүшүү:

Быйыл 7-апрель Элдик революциянын 9 жылдыгы белгиленди. 2010-жылдагы революция өз максаттарына жеттиби? Албетте жок. Революциянын максаттарын мындай кой, айрымдарын аны унуткарууга, кээ бири саясатташтырууга, менчиктештирүүгө далбастап далалат жасоого өтүштү. “Апрель революциясынын баатырларын” жамандагандар жана ошол арбактарды сыйлабагандар үчүн… Аапрель революциясы болгон, чындык революция, аны саясатташтырып жибергендер өз жазаларын алышат. Унуткарууну көздөгөн бакиевчилер токтоткула мындайыңарды. Айрым бакиевчилер алыста жатып алып, “ал пландалып жасалган төңкөрүш”- деген кептердин учугун чубап атат. Мисалы: Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин эң жакын тарапкерлеринин бири Алексей Елисеев сыртта жатып алып. “Адамдарды атуу боюнча буйрукту Кыргызстандын тышындагы адамдар берип турушкан. Бийликтин алсыздыгынан жана атайын кызматтардын саткынчылыгынан улам революция болуп кетти. Кан төгүүлөр менен башаламандыктар «атайын уюштурулган», ал эми иштеп аткан бийлик менен оппозиция ошол кайырмакка түшүп калышкан” -деп саймедирептир. Ал эле эмес куудул Талант Анарбаев Кыргызстанда жатып алып эле:

7-апрель – Кыргызстан УУРУлардан кутулуп, кайра андан чоң УУРУларды алып келген күн!

7-апрель – жүздөгөн үй-бүлө атасынан айрылган күн!

7-апрель – кыргыздын бийликке ишеними жоголгон күн!

7-апрель – Кыргызстанды туңгуюкка сүйрөгөн күн!

7-апрель – мамлекет түшүнүгү талкаланган күн!

7-апрель – Кыргызстанга кара түн түшкөн күн!

7-апрель – шылуун шайканын бийликке келген күнү! – деп оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатат.

Апрель окуясын эскерүү иш-чарасында медиа форумдун алдынан унуткаруу, жокко чыгаруу боюнча депутат Момбеков: “Апрель ыңкылабынын максаттарын ишке ашырып жатабыз” деп жатышпайбы. Ошолор калптын казанын эле кайнатып жатат. Эч нерсе ишке ашкан жок. Апрель окуясынын ой, максаттарынын ишке ашканын ким көрдү? Апрель революциясын жокко чыгара турган кадамдар башталууда. Бул өтө коркунучтуу. Апрель революциясы март революциясындай уурдалып кетпеши керек. Он жылдан кийин ушул жерге кайра митингге чогулуп отурабызбы, дагы бир келген кишини кетиребиз деп? Кыргызстанга эми ыңкылап эмес, ынтымак керек” -деди.

Жакында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Апрель ревоюциясынын 10 жылдыгын өткөрүү боюнча атайын жарлык чыгып, бул датага даярдык көрүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. Ага апрель баатырлары, революциянын башында турган саясатчылар, окуядан каза болгондордун жакындары жана бийлик өкүлдөрү кирген.

Азамат Молдокеев

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: