Menu

ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келди

Бөлүшүү:

Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Ал өлкөдө 12-ноябрга чейин болот. Бул тууралуу ЕБнын республикадагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Сапар алкагында ал 10-11-ноябрда өтө турган “Борбор Азиядагы экстремизмдин алдын алуу – коомдоштук деңгээлиндеги чакырыктар жана таасирденүү” деп аталган аймактык конференцияга катышат.

Иш-чара 2016-жылдын май айында Евробиримдик жана Борбор Азия ортосундагы саясат менен коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун негизинде жетишилген макулдашуулардын, ошондой эле октябрда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен Европа Биримдигинин ортосундагы жолугушуунун алкагында уюштурулууда.

Мындан тышкары Петер Буриан кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстан менен Евроиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт. Жолугушуу учурунда өлкөдөгү конституциялык реформалар туурасында дагы сөз жүрөт.

Евробиримдиктин атайын өкүлү 8-ноябрда Ош шаарына дагы барып, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү борборлордун кызматкерлери үчүн уюштурулган семинарга катышат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: