Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жети-Өгүз райондук бөлүмү берген маалыматына ылайык, 18-июлда кечки саат 19:40 чамаларында болуп өткөн шамаалдын кесепетинен Тамга айыл аймагындагы «Тамга» аскердик санаториясынын короосундагы терек кулап, наристеси менен бара жаткан келинди басып калган. Кырсыктан келин каза болуп, баласы аман калган.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ