КР УКМКнин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы саат 14.00го карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал чыңалуу бойдон калууда экендигин маалымдайт. Тажик аскер кызматкерлери Баткен районунун Достук айылындагы мектеп имаратын ээлеп алышты.
Тажикстандын аскер кызматкерлери чек арага канатташ айыл жерлеринен ок чыгарышып, ошону менен алардын позицияларына карата ок чыгарууга мажбур кылышууда.
Өздөрүнүн тургундарын “тирүү” калканыч катары колдонуп жаткандыктан тажик тараптан жай тургундары арасында жоготуулар көп болууда.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышта КР УКМКнин Чек ара кызматы ТР УКМКнин Чек ара аскерлеринин “Ляккан” жана “Богдари” чек ара заставаларына сокку урушту жана тажик тараптын бир нече оор техникасын жок кылышты.
УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамы аесуз согуштук аракеттерди көрүүнү улантып, жагдайдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүүдө, каршылаш тарап ок атууну токтотушу үчүн заманбап курал-жарак жана техникаларды колдонууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ