Сокулук районунда курбусун өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген келин кармалды . Бул тууралуу 18-декабрда Чүй облусунун ИИБиси билдирди.
17-декабрда Сокулук районун күзөт бөлүмүнө бычактан жараат алган келиндин оруканага түшкөнү жөнүндө маалымат келген. Ыкчам топ жөнөп кетип, ал 32 жаштагы К.С. аттуу жергиликтүү тургун экенин аныкташкан. Бирок жараат алган келин ким сайганын билбей калганын айткан. Бирок ал күнү курбулары менен спирт ичимдиктерин ичишкенин айтып берген.
Бул факт киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
Тергөө ичимдик ичкен курбуларды текшерип, бирөөсүнөн шектенишкен. Ал келин азыр Сокулук районунун убактылуу жайына жайгаштырылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ