Баткен облусундагы кырдаал тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 17-сентябрдын саат 15:00гө карата маалымат таратты;
2022-жылдын 17-сентябрынын 15:00гө Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 211-220 км (Развилка Чоң-Талаа) жабык,
265 км (Кара айыл бөлугү) жабык,
272 км (Төрт-Көчө бөлугү) жана Баткен-Кара-Бак, Баткен-Кызыл-Бел, Көк-Таш-Ак-Сай унаа жолунун 7 км аралыгындагы көпүрө минометтук аткылоодон жараксыз абалга келгендигине байланыштуу унаа жолдору каттам үчүн жабылган!
Ошондой эле, Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу жабык.
Эски багыттагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 340-346 км аралыгы жабылган.
Ал эми Төрт-Көл-Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай-Рават, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Көк-Таш-Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык, каттамдар бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ