Menu

Темир Сариев: «Дыйкандарга бериле турган насыянын пайызы түшүп, мөөнөтү узарып, күрөөсү алынды»

Бөлүшүү:

Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КТРКнын Биринчи радиосуна берген маегинде билдирди.

Быйыл дыйкандарга бериле турган насыянын баштапкы төлөмү буга чейин 30% болсо, эми 10% га түштү. Төлөө мөөнөтү буга чейин 2 жыл болсо, мындан 3 жылга узартылды. Мурда дыйкан насыяны алары менен төлөп баштаса, жаңы келишим боюнча алты айдан кийин төлөйт. Аны менен катар 100 миң сомго чейин сумманы алган дыйкандардан эч кандай күрөө талап кылынбайт.

«Былтыр айыл-чарба багытында 5 млрд сом насыя берилген болсо, быйыл бул сумманы 10 млрд  жеткирели деп жатабыз. Мындан сырткары Кыргыз-Орус биргелешкен фонду да 12% менен бир жылдан кийин төлөнүп баштай турган насыяларды беш жылдык мөөнөткө берип жатат»,-деди Темир Сариев.

Учурда насыя алуу боюнча түшкөн арыздардын 80% мал чарбачылыгы боюнча.  Азыркы тапта арыздардын бардыгы кылдат текшерилип, эң башкысы каражаттын даректүү пайдаланылышын көзөмөлгө алууга басым жасалууда.

«Эгерде мал чарбачылыгы болсо анда, асыл тукумдарга өзгөчө көңүл бурулат. 1991-жылдары Кыргызстанда 550 миң асыл тукум кой, 55 миң уй жана 30 миңдей таза кандуу жылкылар бар болчу. 2015-жылы 53 миң кой, 3,5 миң жылкы жана 12 миңге жетпеген эт жана сүт багытындагы уйлар калды»,-деди Премьер-министр.

Ошондуктан бул багытта атайын Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна ылайык республика боюнча 31 айыл пилоттук долбоор катары тандалып алынып, ветеринардык инспекция айыл өкмөттөрү менен бирге келишим түзүп, бодо малдардын тукумун жакшыртуу максатында 3-4 багытта жасалма уруктандыруу иштери жүргүзүлөт.

Мунун менен алдыдагы 2-3 жыл аралыгында көп аймактарда эт, сүт багытындагы уйлардын санын арттырууга болот. Долбоор ийгиликтүү башталса өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу иштери жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: