Бишкектин 8 жаңы конушунда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 404 бала аныкталды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул маалымат Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине волонтерлор менен биргеликте 8 жаңы конуштардагы үй-бүлөлөрдү кароо учунда белгилүү болгон.
Маалмата айтылгандай, Ак-жар жаңы конушунда – 172 бала, Адилет – 24, Алтын казык – 58, Ак-Ордо 3 – 32 бала, Ала-Тоо 3 – 24, Дордой 2 – 51, Калыс-Ордо – 25 жана Саркофаг – 18 балада туулгандыгы тууралуу күбөлүк жок болгон.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
“Балдардын тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтүлдү. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарга документ берүү улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында ушул жылдын аягына чейин жарандар документтерди жеңилдетилген түрдө ала алышарын эскертебиз”, – деп билдиришти министрликтен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ