Кыргызстандын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Женевада Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин 31-сессиясында сөз сүйлөйт.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу кеп козголот.
Өлкө 2016-2018-жылдар аралыгында аталган кеңешке мүчө болуп былтыр октябрда өткөн Башкы ассамблеянын Нью-Йорктогу 70-отурумунда шайланган. Бул ирет Кыргызстан мүчө катары алгачкы жолу иш-чарага катышмакчы.
Адам укуктары боюнча кеңештин сессиясында Экономикалык, социалдык жана саясий, маданий укуктар тууралуу эл аралык пакттын аткарылышы, 2030-жылга чейинки иш-аракеттердин планы талкууланат.
Булак: centralasian
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ