Menu

Конституциялык палата жөнүндө мыйзамдагы айрым кенемтелерди четтетүү демилгеси көтөрүлүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште Конституциялык палатасынын ишин оптималдаштыруу, мыйзамдардагы кенемтелерди четтетүү максатында иштелип чыккан «КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Демилгечилердин айтымында, Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу тартиби мыйзам менен регламенттелген эмес, анын кесепетинен Конституциялык палатанын чечимдеринде камтылган тапшырмалар жетиштүү түрдө эркин ишке ашырылууда.

«Аталган укуктук кенемтени калыбына келтирүү максатында, мыйзам долбоорунда Конституциялык палатанын чечимдеринде толугу менен же бир бөлүгү Конституцияга карама-каршы деп таанылган ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча конкреттүү чараларды жана мөөнөттөрдү көрсөтүлүшү менен же чечимде четтетүүгө жатуучу укуктук жөнгө салууда кенемтенин бар экендиги көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу механизмдери каралууда”, – дейт баяндамачы.

Белгилей кетсек, ушу тапта Конституциялык палатанын 65 чечими аткарыла элек. Анын ичинде 25 чечим Жогорку Кеӊешке тийешелүү, алардын 60 пайызы аткарылды, калганы аткарылуу алдында турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: