Жогорку Кеӊеште «Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Жапония Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жапония эле аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, ал дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Эки тараптуу келишимге ылайык, Жапония Өкмөтү “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жаӊыртуу жана жакшыртуу багытында 1,5 млрд иен (16 млн доллар) наркындагы гранттык каражатка 56 техника бирдигин сатып берүүгө тийиш. Бул долбоор Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) тарабынан ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, “Манас” аэробекети кирешелүү компания, бирок ал өз кирешесин өлкө аймагындагы 11 аэробекет менен бөлүшөт. Ошондон улам, ал ушул грант сындуу эл аралык жардамдарга муктаж. Компания буга чейин мурда алынган япон насыя каражатынын 57 пайызынан кутулган.
Депутаттар ратификациялык келишимди колдой турганын билдирүү менен бирге, “Манас” аэробекетиндеги жүргүнчүлөрдү тейлөө кызматынын сапатык жакшыртуу, андагы тартипти жөнгө салуу пикирлерин айтышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ