Орто мектеп окуучулары арасындагы кылмыштуулукту, мектептердеги коррупцияны токтотууну мектеп жетекчилери ар бири өздөрүнөн башташы керек. Бул тууралуу областтык ички башкармалыгына караштуу бешинчи бөлүмдүн башчысы Уланбек Айтмырзаев мектеп директорлору менен болгон жыйында билдирди.
Анын айтымында, ар бир ишти өзүбүздөн баштоо керек. Мугалимдер ата-энелер менен болгон чогулуштарда, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
– Азыркы учурда шартка жараша балдардын тарбиясы өзгөрүп кетти. Мындан бир топ жылдар мурун кылмыштуулук, коррупция деген жокко эсе болчу. Ошондуктан окуучуларга, балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мугалимдер өзүбүзгө берилген милдеттерди так аткарсак, жаман көрүнүштөр болбойт, – дейт У.Айтмырзаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ