Menu

Аял эркекти эки ирет жүрөккө сайды

Бөлүшүү:

Сузак райондук соту Дилорам деген келинди 14 жылга кести. Кесилген аялдын айтуусунда иш төмөндөгүдөй болгон. Ал күйөөсү менен чатакташып ата-энесинин үйүндө жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында белгисиз бирөө телефон чалып, анын аялы өлүп калганын, эми Дилорам менен таанышууну көздөгөнүн айтат. Дилорам макул болбой телефонун өчүрөт. Кийин телефон номерин алмаштырат. Тиги неме ал номерди да билип алып, телефон чалып, кезигишели деп, эгер кезикпесе балдарын уурдап сатып жиберерин, күйөөсүн өлтүрөрүн, милийсага арызданса өзүн да өлтүрөрүн айтып коркуткан. Ошондон соң Дилорам ошол Мухтар деген менен мейманканада жолугат. “Денемди көргөзгөндөн уялып жатам” деп эркектин көзүн жоолук менен таңып, өзү базардан 30 сомго сатып келген бычак менен курсакка бышып алат. Андан кийин эки ирет жүрөккө сайып өлтүрөт да өзү из жашырып кетет.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: